Европа комиссиясы 15-майда Борбор Азиядагы республикалар менен «бекемирээк, заманбап, өнөктөштүк» мамилелерди куруу максатында Борбор Азия боюнча жаңы стратегия кабыл алды.
16 барактан турган документте жакынкы беш жылда Европа комиссиясы Борбор Азиядагы беш мамлекет - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен эмнеге жетишүүнү көздөй тургандыгы боюнча темалар белгиленген.
Так саясат тууралуу кеңири жазылбаган стратегия - 2007-жылы кабыл алынган документтин жаңыланган варианты.
Анда «Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүздүн ар биринин кызыкчылыгын жана каалоосун сыйлоо менен Евробиримдик мамилени өөрчүтүүнү каалаган жана колунан келген Борбор Азия мамлекеттери менен алакаларын тереңдетүүнү каалайт» деп жазылган.
Стратегиялык документте адам укуктарын жана жарандык коомду коргоо тууралуу да сөз болгон.
«Евробиримдик мындан ары да пикир билдирүүнүн эркиндигине, анын ичинде массалык маалымат каражаттарынын плюрализмине, ассоциациялардын эркиндигине, аялдардын жана балдардын укуктарына, азчылыктардын укуктарына, дискриминацияга каршы күрөшкө, кыйноонун алдын алууга жана аны жок кылууга багытталган эл аралык стандарттарга ылайык адам укуктарын сыйлоону баалайт» деп белгиленген документте.
Ошондой эле Евробиримдик укук коргоочуларга, журналисттерге, эркин профсоюздардын активистерине эркин жана коопсуз шарттарда иш алып барууга саясий жана укуктук шарт түзүп берүүгө көмөктөшөрү да документте жазылган.
Ушул жылдын жайында Бишкекте Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгын талкуулаган жыйын өтөрү буга чейин кабарланган.