Жалал-Абад облусунун аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери жумуш учурунда каза болгон кесиптештерин эскеришти. Эскерүү иш-чарасына ѳзгѳчѳ коркунуч туудурган кылмышкерди кармоо учурунда окко учкан милициянын капитаны Анвар Мазмадалиевдин, 2010-жылдын июнь окуясында курман болгон Мыктыбек Сулаймановдун жакындары да катышты. Таш-Көмүр милициясында кызмат учурунда каза болгон капитандын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Облус аймагында 30дан ашык кызматкер жумуш учурунда көз жумган.
15-майда жыл сайын ИИМ курман болгон милиция кызматкерлерин эскерет. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашык милиционер эмгектенет. Кыргызстанда акыркы 25 жыл аралыгында 250 тартип сакчысы кылмыштуулук менен күрөшүүдө курман болгон. (RsK)