Тажикстандын Бажы кызматы «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы Шахбоз Ражабзода жумуштан кеткенин билдирди. 10-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон каржы, салык жана бажы кызматкерлери менен жолуккан маалда анын ишин катуу сынга алган.
Рахмон Ражабзоданы ордунан тургузуп, анын канча үйү жана автоунаасы бар экенин сураган. Мамлекет башчы Ражабзода начар окуганы үчүн университеттен чыгарылганын белгилеп, аны «өлкө жетекчилеринин атынан көп сүйлөйт» деп айыптаган. «Сенин күнөөң башыңдагы чачыңдан да көп. Буга чейин иштеген жерлердин баарынан кетиришкен. Бул кызматка кандайча дайындалып калганың түшүнүксүз болуп турат», - деп билдирген Рахмон.
Андан соң мамлекет башчы Ражабзодага өз каалоосу менен кызматтан кетип, чет өлкөгө которгон бардык акчасын мамлекетке кайтарууга буйрук берген.
Шахбоз Ражабзода «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысынын кызматында бир жылга жетпеген убакытта борбордон үч батир жана кымбат баалуу автоунаа сатып алганы айтылууда. Мындан тышкары бул аралыкта анын лейтенант наамы подполковникке чейин көтөрүлүп, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө 16 жолу чыгып келүүгө жетишкен.