Ташкент шаардык соту Юнусабад районунун мурдагы акими Бахтияр Абдусаматовду беш жылга эркинен ажыратып, ал өз жазасын колонияда өтөмөк болду.
Паракор деп айыпталган Абдусаматов Кылмыш кодексинин 205-беренеси («Бийликтин жана кызматынын укуктарынан кыянат пайдалануу») менен айыптуу деп табылды.
43 жаштагы Бахтияр Абдусаматов 2018-жылдын 7-сентябрында камалган. Аны ишкерге жер бөлүштүрүп бериш үчүн 400 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан кезде Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн.