Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Новосибирскиде Сталинге эстелик тургузулду


Улуу Жеңиш күнүндө Орусиянын Новосибирск шаарында Иосиф Сталинге эстелик ачылды. Салтанатка шаар мэри, коммунисттик партиянын мүчөсү Анатолий Локот катышты.

Сталинди пир туткан адамдардын акчасына жасалган эстелик Орусиянын Коммунисттик партиясынын облустук комитети орун алган имараттын жанына орнотулду. Эстеликти орнотуу үчүн ыңгайлуу орун талаш-тартыштардан улам табылбай келген.

Бюсттун ачылышына 200 чакты киши, негизинен жашы улгайган жергиликтүү тургундар Сталиндин сүрөттөрүн, советтик символиканы көтөрүп чыгышты. Айрымдары 1930-жылдары СССРде болгон репрессияларды актаган ойлорун билдиришти.

Эстеликке каршы петицияга Интернетте 11 500дөн көп киши кол койгон.

Жарандык активист Тимур Ханов жеке өзү каршылык акциясын өткөрдү. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен маегинде активист Сталинди “миллиондогон өмүрдү кыйган кылмышкер” катары билерин айтты.

Сталиндик репрессиялар маалында “эл душманы” деп жүз миңдеген киши Сибирге, анын ичинде Новосибирскке сүргүнгө айдалган.

XS
SM
MD
LG