Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Казакстанда митингге чыккан бир нече киши кармалды


Казакстанда полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Казакстанда полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

9-майда Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында полиция бир нече адам кармады.

Нур-султандык активист Аман Мурат уулун, укук коргоочу Ерлан Калиевди үйүнөн алып кетишкен. Эшик алдында полиция турганын борбор калаадагы айрым активисттер да айтып жатышат.

«France-Presse» агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон Алматыда үч адамды полиция кармаганына күбө болгонун «Твиттер» барагына жазды.

Ушу тапта өлкөдө «Азаттыктын» казак кызматынын жана башка бир нече маалымат агенттиктеринин сайттары ачылбай жатат.

Казакстанда 9-май – Жеңиш күнү белгиленүүдө. Буга чейин өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы дал ушул күнү «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаган.

Ушундан соң Башкы прокуратура «мыйзамсыз митингдерге катышкандар катуу жоопкерчиликке тартыларын» эскеркен. Президент Касым-Жомарт Токаев да тынч жыйын өткөрүү үчүн уруксат алуу керек экенин айткан.

Казакстанда 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Ага 20-марттан бери өлкөнү башкарып келаткан Токаев да катышат. Казакстандыктар буга чейин Токаевге, борбор шаардын Нур-Султан деп өзгөртүлүшүнө каршы нааразылык акцияларына чыгышкан.

XS
SM
MD
LG