Ушул жылдын жайында Бишкекте Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгын талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн 8-майда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Борбор Азия республикаларынын башкы дипломаттары жана уюмдун тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини катышат.
Мындай форматтагы жыйын кезеги менен жыл сайын Брюсселде же аймактагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлүп турат.
Федерика Могерини Кыргызстандын жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди талкуулайт. Буга чейин маалымдалгандай, учурда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгынын жаңы стратегиясы даярдалып жатат. Ага июль айында Федерика Могерини келгенде кол коюлат. (RK)