Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лигада 3-орунду Таластын «Алкан-Ата» командасы алды.
Бүгүн, 8-майда 3-орун үчүн болгон беттеште таластыктар Нарын облусунун «Ат-Башы» командасын 3:0 эсебинде жеңди.
Көкбөрү (1-лига), 3-орун үчүн беттеш. "Алкан-Ата" (Талас) - "Ат-Башы" (Нарын) 3:0
Бир нече мүнөттөн кийин жогорку лигада ойногон Бишкектин «Көк-Жал» жана Таластын «Бакубат» командалары 5-6-орун үчүн ойношот. Саат 14:00дө жогорку лигадагы 3-орун үчүн «Сары-Өзөн Рассвет» жана «Сары-Өзөн» командалары беттешет.
Финалдык оюндар эртең, 9-майда өтөт.
Биринчи лигада баш байге үчүн Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» жана Таластын «Кара-Буура» командалары ойнойт. Командалардын беттеши саат 11:00дө башталат.
Жогорку лиганын финалында Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары таймашат. Оюн саат 15:30да башталат.
Көкбөрү боюнча республикалык турнирдин 3-орун үчүн жана финалдык беттештерин «Азаттык» социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түз эфирде чагылдырат. «YouTube» видеопорталындагы «Azattyk» жана «Фейсбуктагы» «Kyrgyz Azattyk Unalgysy», «Azattyk Media» баракчаларынан көрсөңүз болот. (SDz/Ech)