Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Алайда дудуктарга күч колдонуу фактысы боюнча бир киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алай районунун Корул айылында «бала уурдоого аракет кылган» деген себеп менен үч дудук жигиттин сабалышы боюнча тергөө иштеринин натыйжасында аталган айыл аймагындагы Кең-Жылга айылынын 37 жаштагы тургуну кармалып, райондук ИИБнын убактылуучу кармоо жайына камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдирди:

- Алайда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата жасалган бейбаштык фактысы Алай РИИБинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 30-апрелде катталган. 3-май күнү жабыркаган жигиттердин ата-энелери бизге арыз менен кайрылган. Алардын арызы да аталган реестрге катталып, тергөө жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери атайын котормочу мугалимдин катышуусу менен жүргүзүлдү. Жалпысынан жети киши суралып, алардын арасынан бирөө шектүү катары кармалып, камакка алынды.

Жеңиш Аширбаевдин маалыматы боюнча учурда сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Май айынын башында Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти «бала уурдаган» деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай таяк жегенин маалымдаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы аларды тепкиге алган айыл тургундарынын үстүнөн иликтөө иштерин баштаган.

Тепкиге алынган дудук жигиттердин жакындары 6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгып, бул окуяны мыйзамдуу териштирүүнү бийликтен талап кылышкан. (MdN)

XS
SM
MD
LG