Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Европа Биримдиги Түркиянын чечимин сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги жана башка бир катар өлкөлөр Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди сынга алышты.

Биримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини 7-майда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди түшүндүрүүгө үндөгөн жана «эркин, акыйкат, таза шайлоо процесси бардык демократия үчүн зарыл» экенин билдирди.

Германия Түркиянын бул кадамын «түшүнүксүз» десе, Франция түрк бийлигин «демократиялык принциптерди сыйлоого» чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул чечимди сындабаса да, таза шайлоо менен келген «нагыз демократия» Түркиянын кызыкчылыгы үчүн зарыл экенин белгилеген.

Мунун алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 7-майда Жогорку шайлоо комиссиясынын Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө чечимин колдогон.

Жогорку шайлоо комиссиясы кайра шайлоону 23-июнга белгиледи.

31-марттагы мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Имамоглу бийликтеги АК партиядан талапкер болгон мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган.

Имамоглуга өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы мандат тапшырып, ал 18-апрелде кызматына киришкен.

XS
SM
MD
LG