Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Киевде «Настоящее Времянын» кабарчысы жарадар болду


Владимир Рунец.
Владимир Рунец.

5-майдын кечинде Киевде «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Владимир Рунецке ок тийип, жарадар болду. Донбасстагы согуштук аракеттердин ардагери журналистти бутка атып жиберген. Рунецке операция жасалды.

Азыр анын өмүрүнө коркунуч жаралган жок, бирок дагы эки жолу операция болот.

Аны аткан киши – украин армиясынын ыктыярчысы, 45 жаштагы Владимир Регеша. Ал журналисттин таанышына акча карыз болгон жана улам коркутуп турган. 5-майда кабарчы жана анын тааныш кызы отурган пабга келген.

«Акчанын ордуна тапанчасын алып чыгып, асманга ок атып, аны өлтүрөм деп коркутту. Тапанчасы иштебей калды, анан ал багаждан винтовка алып чыгып, кафеде отургандарга мээледи», – деди Рунец.

Рунец кишинин куралын алууга аракет кылган, ошол маалда бутуна ок тийген. Регеша окуя болгон жерден качып кеткен, бирок кийин полицияга өзү келген.

ИИМ «Курал-жарак колдонуу менен жасалган бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Күнөөсү далилденсе, ал үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Владимир Рунец – белгилүү украин журналисти, аскер кабарчысы, Донбасста уруш жүрүп жаткан аймакта бир нече жолу болгон. «Настоящее Время» телеканалында 2017-жылдан бери иштейт.

XS
SM
MD
LG