Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргыз өкмөтү Интернет трафигин көзөмөлдөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 3-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышкан жыйында сөз болду. Ал Интернеттин кирген-чыккан трафигин эсепке алуу боюнча иштерди тездетүүнү талап кылды:

- Жарым жыл мурда тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок бүгүнкү күнү бул багыттагы процессти тездетүү зарыл. Салык төлөмдөрү баштагыдай эле көмүскөдө калып жатат. Дагы бир ирет белгилей кетсем, Интернеттин трафигин эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акты болушу зарыл, - деди Боронов.

Натыйжада Экономика министрлигине бир ай ичинде Интернеттин кирген жана чыккан трафигин эсептөө боюнча ченемдик-укуктук актынын долбоорун киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет жана Мамлекеттик салык кызматы Интернет трафигин эсептөө боюнча тиешелүү аппараттык-программалык комплексти иштетүүгө милдеттендирилди. Ал эми Финансы министрлиги менен Маалыматтык технологиялар агенттиги мамлекеттик мекемелерде «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан IT-адистердин эмгек акысын жогорулатып, төлөш үчүн каражат табуу боюнча бир жума ичинде сунуш киргизүүгө тийиш.

Интернеттин кирип-чыгуу трафигин көзөмөлдөш үчүн 1-5 млн. долларлык жабдыктарды сатып алып, орнотуу зарылчылыгы бар экенин Экономика министрлиги билдирген. Демилгечилердин баамында, Интернеттин кирип-чыгуу трафигин көзөмөлдөө провайдерлердин салыгын туура эсептөөгө шарт түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG