Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Флоридада «Боинг-737-800» учагы дарыяга кулап кетти


Сууга түшкөн учак. 4-май, 2019-жыл.
Сууга түшкөн учак. 4-май, 2019-жыл.

Учак Флоридадагы Жэксонвилл шаарында аскер базалардын бирине конгондон кийин конуу тилкесинен чыгып кетип, Сент-Жонс дарыясына кулаган.

«Miami Air International» аба компаниясына таандык бул учак Гуантанамодогу аскер базасынан чартердик түрдө жүргүнчүлөрдү ташып келе жаткан. Бортунда 136 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча жеңил жаракаттары менен 21 адам ооруканага жеткирилген. Окуя 4-майдын таңында болгон.

Сент-Жонс — Флоридадагы эң узун дарыя. Анын узундугу — 499 чакырым. Дарыя Индиан-Ривер аймагынан түндүккө карай агып, Жэксонвилл шаарынын жанынан океанга куят.

XS
SM
MD
LG