Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

«Талибан» кыймылы «Лоя жырганын» сунушун четке какты


«Лоя жырганын» Кабулдагы жыйыны. 2-май, 2019-жыл.
«Лоя жырганын» Кабулдагы жыйыны. 2-май, 2019-жыл.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайдын ок атышууну токтотуу жөнүндө чакырыгын четке какты. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө «Лоя жырганы» майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тартып кармашты токтотуу боюнча сунушун кабыл албай турганын белгиледи.

3200дөй уруу аксакалдары, диний аалымдар жана саясатчылар катышкан бул курултай «Талибан» менен ооган өкмөтүн ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга үндөгөн.

Ооган президенти Ашраф Гани бийлик «мыйзам чегиндеги талапты аткарууга даяр экенин», бирок аны экинчи тарап да аткарышы зарылдыгын айткан болчу.

«Лоя жырганын» Кабулда төрт күнгө созулган жыйыны бүгүн, 3-майда жыйынтыкталды.

XS
SM
MD
LG