Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

«Лоя жырга» Ооганстанда ок атышууну токтотууга чакырды


«Лоя жырганын» Кабулдагы жыйыны. 2-май, 2019-жыл.
«Лоя жырганын» Кабулдагы жыйыны. 2-май, 2019-жыл.

Ооганстандын «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайынын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө ок атышууну тезинен токтотууга чакырды.

RTA мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, «Лоя жырга» Ооганстанда «Талибан» кыймылынын кеңселерин ачууга жана туткундарды алмашууга да үндөдү.

Курултайдын ок атышууну токтотуу тууралуу талабы боюнча ооган президенти Ашраф Гани пикирин билдирип, бийлик «калыс жана мыйзам чегинде талапты аткарууга даяр экенин», бирок аны экинчи тарап да аткарышы зарыл болорун белгиледи.

3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген Кабулдагы төрт күндүк жыйын бүгүн, 3-майда жыйынтыкталды.

XS
SM
MD
LG