Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Түркия АКШны Ирандын мунайы боюнча чечимин өзгөртүүгө үндөдү


Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.
Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Анкара Вашингтонду Ирандан мунай импорттоону уланткан өлкөлөргө санкция салууга жол ачкан чечимин кайра карап чыгууга чакырды. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өз өлкөсү Ирандан мунай сатып алууну дароо токтото албай турганын билдирди.

"Кыска убакыттын ичинде мунайдын булагын өзгөртүү мүмкүн болбочудай. Биздин заводдордо колдонулган технология көп өлкөлөрдүн чийки мунайына ылайыкташкан эмес", - деп билдирди Чавушоглу 2-майда Анкарадагы басма сөз жыйынында.

Түркиянын башкы дипломаты Анкара үчүнчү өлкөдөн мунай импорттоо үчүн заводдорундагы технологияны жаңылап чыгышы зарылдыгын, мунун чыгымы көп экенин кошумчалады.

Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга каршы киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Грекия, Жапония жана Тайвань алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Апрель айында Вашингтон 1-майдан тарта мындай жеңилдикти токтоторун жарыялап, Тегерандан мунай сатып алууну уланткан тараптар санкцияга кабыларын эскерткен.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар кеңеши Вашингтондун бул кадамына жооп катары Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG