Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Бишкекте кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн автопарады болуп өттү


Бишкекте өткөн автопарад.
Бишкекте өткөн автопарад.

Бүгүн, 1-май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Бишкекте кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн автопарады өттү. Ага 40тан ашык компания катышты.

Автопараддын жүрүшү Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, андан ары Абдрахманов, Байтик Баатыр, Түштүк магистралы, Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин, Курманжан датка Чүй проспекти көчөлөрү менен уланып, Жеңиш багында жыйынтыкталды.

- Жергиликтүү өндүрүүшчүлөрдү колдоо максатында ушундай иш-чара уюштурдук. Буга Кыргызстанда бут кийим, курулуш материалдарын, кийим-кече, тамак-аш өндүргөн жергиликтүү компаниялар жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар катышты. Былтыркыга караганда быйыл иш-чарага катышкан компаниялар эки эсе көбөйдү – деди Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассосациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев.

Автожүрүш бир жарым саатка созулду. Жыйынтыгында шаар тургандары үчүн чакан жармаңке уюштурулуп, анда автопарадга катышкан компаниялардын өндүрүмү көрсөтүлдү.

Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассосациясынын маалыматына караганда Кыргызстанда 100дөн ашык өндүрүш компаниясы иш алып барат. (GT)

XS
SM
MD
LG