Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Лейлектин акими менен айыл аймак башчысынын талашын сот өндүрүштөн алып салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек райондук соту Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевдин райондук администрация башчысы Баймурат Бекмуратовго каршы доо арызын соттук өндүрүштөн кыскартты. Мындай чечимди 29-апрель күнү судья Ниязбек Турдалиев акимдин өкүлүнүн өтүнүчүн карагандан кийин чыгарды.

Эгембердиев «Азаттыкка» сот чечими менен макул эмес экенин билдирди:

- Бул райондук соттун чечими болду. Эми жогорку инстанцияга кайрылабыз. Үч күн ичинде чечим колубузга тийсе, биз апелляция жазабыз.

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев райондук администрациянын башчысы Баймурат Бекмуратовду 11-апрелде сотко берген. Ал өзүнүн кызматтан алынышы боюнча акимдин айылдык кеңешке берилген сунушу мыйзамсыз болгон деп эсептейт.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевди кызматтан алуу тууралуу аким Баймурат Бекмуратовдун сунушу жергиликтүү кеңешке 2-апрелде келип түшкөн. Айылдык кеңеш акимдин сунушун карап, 21 депутаттын 11и Эгембердиевди кызматтан алууга макулдук берген.

Учурда айыл аймак башчысынын милдетин анын орун басары Акжол Абдуллаев убактылуу аткарууда. Лейлек районундагы тогуз айыл аймагынын ичинен Жаңы-Жер айыл аймагы 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекеттик дотациядан чыккан. Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу» президенттин жарлыгын жана өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланган.

Жаңы-Жер айыл аймагы Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде жайгашкан. Анда 15 миңге жакын түтүн эл жашайт. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG