Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

Сот Бишкектин экс-мэрлеринин ишин чогуу кароону улантат


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

30-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму болот. Бул тууралуу экс-мэрлер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Акыркы жолу жараян 24-апрелде болгон. Анда айыпталуучулардын жакындары менен сакчылар айтыша кетишкен. Отурумга катышканы келгендер аларды киргизбей жатканына, орундуктардын тартыштыгына даттанышкан. Ал күнү ишти бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчүн сот четке каккан.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG