Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Чек арачылар кармаган тажик жараны УКМКга өткөрүлүп берилди


 Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган деген шек менен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн 27-апрелде “Манас” аэропортунда болгон.

Тажикстандын 31 жаштагы жараны Бишкек-Москва авиакаттамы менен учуп кетүүгө аракет кылган.Текшерүү учурунда анын колундагы кыргыз паспорту жасалма экени аныкталган.

Кылмышка шектүү жаран Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG