Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Тажикстан ажылыкка баргандарга 50 доллар бажы төлөмүн киргизди


Тажикстандын парламенти. Архивдик сүрөт.
Тажикстандын парламенти. Архивдик сүрөт.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 26-апрелде өлкөгө келген чет элдик туристтерге бажы төлөмүн (пошлина) киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Тажикстанга турист катары кирген ар бир чет элдик жаран күн сайын пошлина катары 1 доллардан төлөөгө милдеттүү.

Бул акчаны туристтик компаниялар аркылуу чет мамлекеттерге эс алууга жөнөгөн тажикстандыктар да төлөшү керек. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандар, биринчи жана экинчи топтогу майыптар, дипломаттарга туристтик пошлина тууралуу жаңы эреженин тиешеси жок.

Парламент колдогон мыйзам боюнча Сауд Арабияга ажылыкка же умрага (кичи ажылык) бара турган зыяратчылар да уюштуруу иштерине берилген акчадан тышкары 50 доллар мамлекеттик төлөм төлөөгө тийиш.

Мыйзамды сунуштан Финансы министрлиги мындай өзгөртүүлөр туризмди өнүктүрүүгө жардам берет деген жүйө келтирди.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр Тажикстандын туризмден алган кирешеси 214 миллион сомонини (22,7 миллион доллар) түзгөн. Өткөн жылы тажик жергесине 1,1 миллион чет элдик турист кирген. Буга чейин президент Эмомали Рахмон туристтердин агымы акыркы жылда 2,5 эсеге көбөйгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG