Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор уран казыларын билген


Кызыл-Омпол.
Кызыл-Омпол.

Кызыл-Омпол боюнча кол койгондор ал жерде уран өндүрүлөрүн билишкен. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

- «Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG