Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

АКШ: башкы прокурордун кетиши суроо жаратты


Жефф Сешнс башкы прокурор катары Ак үйдө ант бергенден кийин аны Дональд Трамп куттуктоодо. 9-февраль, 2017-жыл.
Жефф Сешнс башкы прокурор катары Ак үйдө ант бергенден кийин аны Дональд Трамп куттуктоодо. 9-февраль, 2017-жыл.

АКШда Конгресске шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болор замат өлкөнүн башкы прокурору Жефф Сешнс кызматын тапшырды. Атайын прокурордун Орусия америкалык шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрүнүн келечегинен айрымдар күмөн санай баштады.

Демократтар “мындан ары атайын прокурорго эч нерсе жолтоо болбошу зарыл” деп дароо билдиришсе, президент Трамп атайын прокурордун иликтөөсү аякташы керек экенин айтып чыкты.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, президент Дональд Трамп башкы прокурор жана юстиция министри Жефф Сешнстин кызматтын тапшыруу жөнүндөгү арызын 7-ноябрда кабыл алды. Башкы прокурор кызматтан президенттин өтүнүчүнө ылайык кеткен.

6-ноябрдагы шайлоодон кийин Конгресстин Өкүлдөр палатасына көзөмөлдү алып жаткан Демократиялык партиянын бул палатадагы лидери жана болочок спикер Нэнси Пелоси башкы прокурордун кызматтан бошотулушун дароо эле Орусия боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүн жокко чыгарууга багытталган, “чектен чыккан” аракет катары мүнөздөдү.

Ал эми демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер президентте “жаап-жашыргыдай бир нерсе бар экендиги анык” деп, буларга токтолду:

Чак Шумер Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 7-ноябрь, 2018-жыл.
Чак Шумер Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 7-ноябрь, 2018-жыл.

​​- Мюллерди жана анын иликтөөсүн коргоо - биринчи кезектеги маселе. Иликтөөнү токтотуу же кыйла чектөө аракети конституциялык кризис жаратат. Мен президент Трамп жана ал сөзүн уккандар мындай чарага барбайт деп үмүттөнөм. Биздин көз карашыбыз боюнча башкы прокурордун кимиси болбосун - азыркысыбы же кийинкисиби -Мюллердин иликтөөсүнө кийлигишпеши керек. Алар Мюллердин иштерине кийлигишпей, аны токтотпой, чектей албагыдай болушу зарыл.

Конгресстин жаңы курамында Юридикалык комитетти башкара турган Жерри Радлер болсо "Твиттердеги" баракчасында Трамп Сешнсти "кызматтан бошотуусунун артында кандай жүйө турганына тезинен жооп алуусу" керектигин жазып чыкты.

АКШда ФБРдин мурдагы директору, азыркы атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Трамптын андагы шайлоо штабынын Москва менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөсүн дагы эле улантууда. Бул ишке Юстиция министрлиги жалпы көзөмөл жүргүзөт.

Роберт Мюллер.
Роберт Мюллер.

Трамп менен башкы прокурордун мамилеси

Мекеменин 7-ноябрда кызматтан кеткен башчысы, республикачыл саясатчы, мурда Трамптын шайлоо штабынын ишине аралашып, аны кызуу колдоп-сүрөгөн Жефф Сешнсти Орусия боюнча иликтөөдөн четтеп кеткени үчүн акыркы кездери президент өзү да аны ачык сындап жүргөн.

- Президент Трамп менен башкы прокурор Сешнстин мамилеси татаал болчу, ал түгүл бир жарым жыл мурда эле бузулган. Эгер саатты артка жылдырсаңыз, бул 2017-жылдын март айына барып такалат. Анда Сешнс медиа үчүн биринчи басма сөз жыйынында эле өзү Орусия боюнча иликтөөдөн четтегенин билдирген. Сешнстин бул чечими президент Трамптын ачуусун келтирген. Трамп эгер Сешнс минтип четтеп кетерин билгенде аны жогорку кызматка тандабай турганын такай айтып жүргөн. Бирок Сешнс жумушуна берилип, ишин аткарып, кызматын тапшырбай келген. Андыктан Вашингтондо бул маселе боюнча узак убакыт бою туңгуюк абал өкүм сүрүп турду. Кызматтан кетпесе, ал бошотулмак. Азыр мына ушул кырдаал болду, - дейт “Associated Press” агенттигинин талдоочусу Эрик Такер.

Жефф Сешнс (солдо) Вашингтондогу жыйында. 29-август, 2018-жыл.
Жефф Сешнс (солдо) Вашингтондогу жыйында. 29-август, 2018-жыл.

Трамп “Твиттер” баракчасында жарыялагандай, башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп эми буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкер дайындалат. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.

Мекеменин ичинде атайын прокурордун иликтөөсүнө башкы прокурордун орун басары Род Розенстайн көз салчу. Бирок америкалык медиа Розенстайн да бул милдеттен расмий четтетилгенин кабарлап жатат.

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көзөмөл Демократиялык партияга өткөндүктөн, бул Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкени жана Трамптын шайлоо учурундагы штабы менен Москванын болжолдуу байланыштары тууралуу иликтөөлөр кайра күч алышына шарт түздү.

Трамп өзү 7-ноябрда Ак үйдөгү басма сөз жыйынында атайын прокурордун иликтөөсү аякташы керек экенин, бул АКШ үчүн “жакшы эмес” болоорун, ал өзү иликтөөнү токтото алаарын, бирок саясий маселе болгондуктан ага барбай турганын белгилеген:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Мен Орусия боюнча иликтөөнүн эч нерсесинен коркпойм, себеби ал ойдон чыгарылган (мистификация). Болду, жетишет! Микрофонду таштаңыз! - деди Трамп CNN телеканалынын кабарчысы менен кайым айтыша кеткенде.​

Трамп буга чейин АКШнын чалгын жамаатынын 2016-жылдагы шайлоого "Орусия кийлигишти" деген бүтүмүнө макул болгон, бирок анын шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун утур-утур билдирип келет. Ал эми Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишкени тууралуу дооматттарды такай четке кагып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG