Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

19-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 19-20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Тоолуу жолдордо күрткү түшүп, кар көчүшү ыктымал, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…23;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14:

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…12 күндүз 20…22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19;

19-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 21…23° болот.

XS
SM
MD
LG