Аламүдүн районундагы Константиновка айылында Ат-Башы каналына чөгүп кеткен беш жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 11-апрелде чөгүп кеткен.
Баланы издөөгө Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата, Москва райондук өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнөн жана Токмок шаардык аскерлештирилген өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 94 куткаруучу тартылды. Аларга беш суучул жардам берүүдө.
Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин (Ат-Башы каналында жана Чу дарыясында) жүрүп жатат. (BTo)