Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Эл аралык кылмыш соту Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтебейт


Ооганстанда жардыруудан кийин. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстанда жардыруудан кийин. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык кылмыш соту Ооганстанда аскер кылмыштарын иликтөө боюнча өтүнүчтү четке какты. 12-апрелде жарыяланган чечимде соттор далилдердин жетишсиздигин белгилешти. «Ооганстандагы кырдаалды иликтөө азыркы учурда сот адилеттигине көмөктөшө албайт» деп жазылган чечимде.

АКШ бул чечимди кубаттады. Президент Дональд Трамп «бул чыныгы атуулдардын гана эмес, мыйзам күчүнүн да жеңиши» деп билдирди.

2017-жылы ноябрда Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Фату Бенсуда ооган улуттук күчтөрүнүн, «Талибан», «Хаккани» кыймылдарынын, ошондой эле АКШнын аскер-чалгын кызматкерлеринин 2003-жылдын май айынан бери адамзатка каршы жасалган кылмыштарын иликтөөнү сураган. 5-апрелде Бенсуданын кеңсеси АКШ анын визасын чакыртып алганын жарыялаган.

Өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Эл аралык кылмыш сотунун АКШ аскерлеринин Ооганстанда жана башка жерлерде мыйзамсыз аракеттерин иликтөөнү каалаган кызматкерлерине виза берүүдөн баш тартышы жана берилген визаларды чакыртып алышы ыктымал экенин айткан.

АКШ Эл аралык кылмыш сотун түзүү тууралуу 2002-жылкы Рим келишимине кол койгон, бирок ратификациялаган эмес.

XS
SM
MD
LG