Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Тюменде ИМ тобунун мүчөсү деп шек саналгандар жок кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тюмень шаарында күч органдары «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү деп шек саналгандарды атып жок кылды. «Интерфакс» кабарлагандай, шаарда 12-апрелде контртеррордук операция жүрдү. Өлтүрүлгөндөрдүн так саны тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Кабарларга караганда, алгач шек саналган эки киши күч органдарынын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.

Операция учурунда турак жайлардын биринде өрт чыккан. Бир канча көчөдө жарык өчүрүлүп, тургундар лицейлердин бирине убактылуу жайгаштырылган.

Жеке турак жайлардын бирине «Ислам мамлекети» тобунун жоочулары жайгашканы, эл көп жайгашкан жерде террордук акт жасоого камынып жатканы тууралуу ФСБге маалымат 12-апрелде түшкөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG