Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Индияда дүйнөдөгү эң ири шайлоо башталды


Батыш Бенгалия провинциясындагы добуш берүү. 11-апрель, 2019-жыл.
Батыш Бенгалия провинциясындагы добуш берүү. 11-апрель, 2019-жыл.

Индияда парламенттик шайлоо башталды.

1 миллиард 340 миллионго жакын калкы бар бул өлкөдө добуш берүү дээрлик алты жумага созулмакчы. Бул шайлоодо учурдагы премьер-министр Нарендра Модинин партиясы алдыга чыгышы күтүлүп жатат.

11-апрелде Индиядагы парламенттик шайлоонун биринчи фазасы гана башталды. Жети баскычка бөлүнгөн добуш берүү 19-майга чейин уланат.

Индияда 900 миллиондой шайлоочу бар. Бул дээрлик Жер планетасындагы ар бир сегиз адамдын бири ушул шайлоодо добуш берет деген сөз. Айтмакчы, Индия биринчи жолу добуш берген шайлоочуларынын саны боюнча да алдыңкы сапта турат.

«Мен биринчи жолу добуш берип жатам. Өзүм үчүн абдан жакшы тажрыйба болду. Эми шайлоонун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтөм», - деди Газиабад шаарынын тургуну Маитрея.

Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. Куч-Бихар шаары, 11-апрель, 2019-жыл.
Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр. Куч-Бихар шаары, 11-апрель, 2019-жыл.

Индиянын 543 орундуу парламентине шайланып келиш үчүн ондогон партиялар ат салышууда. Бирок алардын ичинен негизги атаандаштык азыркы премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы менен Рахул Ганди жетектеген оппозициядагы Индиянын улуттук конгрессинин ортосунда жүрүшү күтүлүүдө.

Рахул Ганди - Индиядагы таасирдүү саясий династиянын өкүлү. Анын партиясы бул шайлоодо аймактык партияларга таянып жатат. Деген менен сурамжылоолор оппозициялык партия алдыга чыга албай турганын көрсөтүүдө.

Жумушсуздукка жана өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири жашаган айыл-кыштактардагы дыйкан-фермерлердин кирешесинин аздыгына карабастан азыркы премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы жеңишке жеткени турат.

Моди экинчи мөөнөтүнө шайланып келиш үчүн бул жолку өнөктүктө калың элден убадасын аяган жок.

«Жакырчылыкты жакырлар гана жеңип чыга алат. Бул биздин максатыбыз. Ошондуктан биз жакыр катмарга дем-күч беришибиз керек. Биз кедей адамга үй берсек, ал алдыга умтула баштайт», - деген эле Нарендра Моди бир нече күн мурда.

Нарендра Моди Британиянын орточулук доору аяктаганынын 71 жылдыгын белгилөө учурунда. 15-август, 2018-жыл.
Нарендра Моди Британиянын орточулук доору аяктаганынын 71 жылдыгын белгилөө учурунда. 15-август, 2018-жыл.

Модинин рейтингинин өсүшүнө февраль айында Индия менен Пакистан бири-биринен талашып келе жаткан Кашмир аймагында индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себепкер болду.

Адистер бул чабуулдан кийин Индиянын премьер-министринин Пакистандагы жоочуларга абадан сокку урууга буйрук бергени, бекем позицияда турганы, анын шайлоочулар алдындагы кадыр-баркын көтөргөнүн айтып жатышат.

«Индия менен Пакистандын ортосундагы соңку чыңалуу премьер-министр Модиге жана анын партиясына жардам бергени талашсыз. Бул окуя Модинин «чечкиндүү, улутчул жана таң эрте орун алган кризиске тез жооп кайтара алган лидер» деген аброюн бекемдөөгө көмөктөштү», - деп билдирди Вашингтондон Карнеги институтунун Түштүк Азия боюнча директору Милан Ваишнав.

Кашмирдеги жанкечтинин жардыруусу. 2019-жылдын февраль айы.
Кашмирдеги жанкечтинин жардыруусу. 2019-жылдын февраль айы.

Добуш берүүгө Жамму жана Кашмир аймагында жети адамдын өмүрүн алган соңку чабуул да таасирин тийгизди. Бул окуядан улам чөлкөмдөгү добушканаларда копсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жамму жана Кашмир - мусулмандар көпчүлүктү түзгөн жана 11-апрелде добуш берүү башталган Индиянын 20 федералдык округунун бири.

Индияда беш жыл мурунку шайлоодо Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы парламентте 282 орунга ээ болгон. Анда Рахул Гандинин саясий биримдиги 2009-жылдагы шайлоодо уткан 209 мандатынын кеминде төрттөн үчүнөн ажырап калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG