Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Террористтик топтордун Интернеттеги аракеттерине баа берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Онлайн экстремизм менен терроризмдин алдын алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө» деген эксперттик тегерек үстөл болот. «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фонду билдиргендей, өкмөт менен бирге террористтик топтордун Интернеттеги ишмердүүлүгүнө сереп салынган. Бул багытта жаштардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кеңеш берилет.

Адистердин айтымында, экстремисттик сайттар Кыргызстандын Интернет мейкиндигинде ондоп саналат. Социалдык тармактар - жаштарды террордук топторго азгыруунун эң ыңгайлуу жолу. Ал жакка мурдатан даярдалып, көп тилдерге которулган посттор жайгаштырылат жана террорчулар талкууга катышкандардын арасынан өзүнө ылайыктуу адамдарды издешет.

Аларда жихадга, бийликке баш ийбөөгө, халифат курууга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн окуулар кезигет. Бирок кийинки убакта сайттардан сырткары социалдык тармактарда радикалдардын жарандарга тузак коюу фактылары күчөгөнү да айтылып келет.

Буга чейин имамдар жана башка бардык дин кызматкерлери заманбап технологияны өздөштүрүү боюнча сабактардан өтүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG