Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Орус тергөөчүлөрү Майкл Калвини үй камагына чыгарууну өтүнүштү


Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто. 15-февраль, 2019-жыл.
Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто. 15-февраль, 2019-жыл.

Орусиялык тергөөчүлөр камактагы америкалык инвестор Майкл Калвини убактылуу кармоочу жайдан үй камагына чыгарууну соттон өтүнүштү.

Тергөө комитети АКШ жаранынын бөгөт чарасы каралаарына бир күн калганда ушундай өтүнүчүн Москванын сотуна жиберилгенин орусиялык бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Орусияда «Baring Vostok» аттуу инвестициялык фондду негиздеген Калви жергиликтүү бир нече өнөктөшү менен бирге февраль айында Москвада кармалган. Аларга финансылык көз боёмочулук боюнча айып коюлуп жатат.

Бирок Калви жана анын өнөктөштөрү мыйзам бузушпаганын айтып, алардын камакка түшкөнү Орусия менен иш кылуу канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турганын билдирип жатышат.

51 жаштагы Майкл Калви февраль айынан бери Москвадагы Лефортово тергөө абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG