11-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
11-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 6…8°, күндүз 16…18° жылыйт.