9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарып, каргаша шалаакылыктын айынан болгон деп тапты.
Айыпталгандар - Ильич Иманалиев, Мирлан Макеев, Эржан Кадышев, Замир Айткожоев жана Замир Байтереков.
Макеев, Кадышев, Иманалиев буга чейин соттолбогондуктан жана кызматын эске алуу менен камакка алынган жок. Сот алардын ар бирин 260 миң сом айыппул төлөөгө жана жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.
Ал эми Айткожоев менен Байтерековго байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Сот жабырлануучу тараптын жогорудагы эки кызматкерге карата жазылган тосмо арызын канааттандырды.
Соттолгондор сот жараянында акыркы сөздөрүн сүйлөп, өз кызматтык ишин так аткарганын айтышты жана соттон актоону суранышты.
Жайыл райондук милициясынын аталган кызматкерлерине 316-берене («Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Жаңы кодекске ылайык, айыптоо 331-беренеге («Шалаакылык») алмаштырылды.
Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу бешөөнү тең беш жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Жабырлануучу тараптын жактоочусу жаңы кодекске ылайык аларды 2,5 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Жабырлануучу, Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев эки инспекторду соттон актап берүүнү суранып, калган үч милицияны камакка алууну буга чейинки отурумдарда өтүнгөн. Ал инспекторлор боюнча тосмо арыз жазганын билдирген.
Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине карата ишти кароону былтыр 13-декабрда баштаган.
Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен.
Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. (AiA\SE)