Баш калаада мындай рейд өткөрүүгө кумар ойноп, ири өлчөмдө акчасын уттуруп жиберген адамдардын жакындары мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жазган арыз негиз болгон.
Атайын операциянын астында жергиликтүү телеканалдардын биринде кумар оюндарын уюштурган мекемеде ири өлчөмдө акча утуп алып, бирок анысын ала албай, доолап барганда мекеменин ичинде кармалып калган уландардын окуясы тууралуу сюжет чыккан болчу. Анда буга милиция кызматкерлери аралашканы видео кадрлардан көрүнгөн.
Бирок Ички иштер министрлиги (ИИМ) кызматкерлер бейбаштык боюнча чакыруу түшкөндүктөн ал жакка барганын айтып, бул мекеме боюнча дагы териштирүү жүрүп жатканын жарыялады.
Атайын операциянын жүрүшү
ИИМдин Криминалдык милициясы Тергөө кызматы жана атайын даярдыктагы бөлүк менен кошо Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жашыруун жайлардын бетин ачуу боюнча атайын операция өткөрдү. Анын негизинде 29-мартта бир эле учурда шаардагы бинардык опцион катары катталган беш мекеменин имараттары тинтүүгө алынды.
Жашыруун оюн залдарындагы электрондук кумар оюндары үчүн жабдылган компьютерлер, планшеттер, ноутбуктар жана документтер далил буюмдар катары алынган. Мындан сырткары тинтүү учурунда жалпысынан беш оюн залынан 582 миң сом өлчөмүндө коюмга чыгарылган акча каражаттары табылган. Мындай рейд жүргүзүүгө Бишкектин тургуну анын уулу ири өлчөмдө акча уткурганын айтып, кумар оюн жайларын жабууну өтүнүп президентке даттанганы негиз болду.
ИИМдин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев жагдай тууралуу буларды айтып берди:
«Президентке Бишкектин тургуну кайрылып, анын уулу ошол көмүскө жайда кумар ойноп, үй-бүлөсү кыйынчылыкка дуушар болгонун жазган. Арыздануучунун уулу 100 миң долларын ошол кумар оюндарын уюштурган жайга уттурган. Ушуга байланыштуу бизде тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгып, накталай акчаны коюп, электрондук кумар оюндары уюштурулуп жатканы боюнча маалыматтар иликтенген. Ошонун негизинде атайын операция жүрүп, бир эле учурда шаардагы беш мекеменин имаратында тинтүү жүрдү».
ИИМ атайын операциянын учурунда ашкере болгон кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу фактыларын каттап, Жазык кодексинин 212-беренесинин негизинде сотко чейинки тергөө өндүрүшүн ачты.
Бирок бул атайын операцияга чейин НТС телеканалынын «ТВ-Кайгуул» кызматына жашыруун кумар оюндарын уюштурган жайлардын биринде андан ири өлчөмдө акча утуп алган беш киши күч менен кармалып турганы боюнча алардын жакындары билдирген. Аты-жөнүн ачык атагысы келбеген жарандардын бири бул телеканалга жагдай тууралуу буларды кабарлаган:
«Балдар ал жактан 1 миллион 300 миң сом утуп алышкан экен. Анан ал жактан кассир өзүнүн колун коюп «кассада акча жок калды, кийин келип аласыңар» деген шылтоо менен мөөр басылбаган дүмүрчөк жазып берип коюптур. Беш баланын бири 800 миң сом уткан. Экинчиси 300 миң сом, калгандары жүз миңден, анан бирөө 25 миң сом утуп алган экен. Алардын арасында менин иним бар. Алар акчаны сурап барышса, ал жактан кармап алып, чыгарбай жатышканын айтып мага телефон чалды».
НТС телеканалынын «ТВ-Кайгуул» кызматы аталган дарек боюнча барганда милициянын участкалык тескөөчүсү сыртта турганына, ал эми ичинен илинген бул мекемеде акча доолап барган жигиттер кармалып турушканына күбө болгон.
Милиция кимди калкалайт?
Териштирүү учурунда кумар ойноп, ири өлчөмдө акча утуп алып, бирок утушун өндүрө албай жүргөн жигиттердин бири милициянын участкалык тескөөчүсү аларга жогору жактан телефон чалынганы туурасында эскерткенин телеканалдын журналисттерине мындайча айтып берген:
«Бизди сыртка чыгарбай жатышкан учурда бизге бул милиция байке чоңдор жактан ага чалышканын айтып, «мындай нерсе баштан өткөн, аягы эмне менен бүтөрүн билем» деди. «Силер баары бир акчаңарды ала албайсыңар» деп эле айтпадыңызбы? Жогору жактан чалышканын айткансыз».
Бирок сюжетте көрсөтүлгөн кадрда милициянын жергиликтүү тескөөчүсү бул жерге мекеменин администраторунун бейбаштык жөнүндө даттанган чакыруусу боюнча келгенин билдирген. Ал бейбаштыкты андан ары териштириш үчүн гана аталган жарандарды тергөө тобу келгенге чейин кармап турганын айтты. Утуш акчасын ала албай калгандардан арыз түшпөгөнүн айткан милиция кызматкери аны кайсы бир жетекчи оюн залын калкалоого жөнөтүшү мүмкүн деген дооматты четке каккан.
ИИМдин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев муну түшүнүксүз жагдай катары сүрөттөп, жагдай териштирилип жатканын билдирди:
Ал жакка 102 номери боюнча чалышкандыктан милициянын жергиликтүү тескөөчүсү барган. Анан ал жердеги абалды көрүп, тергөө тобун чакырткан.
«Ал жакка 102 номери боюнча чалышкандыктан милициянын жергиликтүү тескөөчүсү барган. Анан ал жердеги абалды көрүп, тергөө тобун чакырткан. Тергөө тобу келгенге чейин ошол жердеги балдардын кетпей турушун талап кылган. Анан эле ал жигиттердин жакындары телеканалга чалып, журналисттерди чакырып жиберген. Алардын колунда ири өлчөмдө акча утуп алышканы боюнча эч кандай мөөрү жок кагаз бар экен. Ушундай түшүнүксүз жагдайдан улам телеканалдан ошол сюжет кетти. Бул жерде милиция кызматкерлери ага аралашкан сыяктуу элес калтырган. Бирок иш жүзүндө алар чакыруу боюнча гана барып, ошого күбө болуп калышкан. Бул жагдай азыр бизде териштирилип жатат. Аталган мекеме да чынында эле жашыруун кумар оюндарын уюштурган жай экени аныкталган».
Кирешелүү тармак кимдин колунда?
Буга чейин да Бишкек шаарында сыртынан бинардык опцион катары жабдылган мекемелердин көбүндө жашыруун кумар оюндары уюштурулган учурлар катталган. Кумар оюндарын уюштурган жайлар атын өзгөртүп, улам түрдүүчө кубулуп, иштеп жатканын талдоочулар мындай мыйзамсыз ишкердикти колдогон жана калкалаган күчтөрдүн таасири менен байланыштырышат. Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов ошол жагдайларды чечмеледи:
«Бул мыйзамсыз ишкердикте абдан чоң акча айланат. Ошондуктан алгач казино жабылды. Анан алар оюн автоматтарына өтүштү. Ал жабылганда букмекерге өтүштү. Анан тотализатор, лотерея дегендерге барып, алар да жабылган соң эми азыр бинго трейд, блокчейн дегендер аркылуу электрондук кумар оюндарын уюштуруп жатышат. Муну негизи катуу карап туруп улам табылганын улам жаба берсек аягы тыйылмак. Бирок биздин укук коргоо органдарындагы айрым кызматкерлер тигилер акчага кызыктырып коюшса эле ошого азгырылып, анын айынан кумарканалар дагы эле иштеп жатат».
Кыргызстанда 2011-жылы кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ага байланыштуу казинолор, оюн автоматтары жана башка кумар оюндарын уюштурган жайлар расмий түрдө жабылган болчу.