Брунейде бүгүнтөн тартып шариатка негизделген мыйзамдар күчүнө кирүүдө. Ага ылайык, бири биринин көзүнө чөп салган жубайлар, кумсалар ташбараңга алынат же аларга балак уруу аркылуу өлүм жазасына тартылат. Бириккен Улуттар Уюму, укук коргоочулар, бир катар өлкөлөр, белгилүү актерлор, ырчылар бул мыйзамдарды сындап, дипломатиялык карым-катнашты үзүүгө, султанаттын компанияларына бойкот жарыялоого чакырышууда.
Жаңы мыйзамдар алгач 2014-жылы кабыл алынган, бирок көпкө күчүнө кирбей турган. Туш-туштан айтылган сынга карабай, мунайга бай бул өлкөнүн бийлиги өткөн дем алышта билдирүү таратып, Бруней «өз мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө умтулганын, шариат бардык адамдардын укуктарын урматтоону, коргоону көздөөрүн» белгиледи.
Ошол эле учурда өлүм жазасына тартыш үчүн кандай далилдер керек экени анык эмес. Султанатта ондогон жылдан бери соттун өкүмү менен өлүм жазасына тартуу учурлары болгон эмес.
Шариатка негизделген Кылмыш кодекси буга чейин Сауд Арабиясында гана бар болчу.