Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы абалга түшүндүрмө берди


Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар. 1-апрель, 2019-жыл
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар. 1-апрель, 2019-жыл

Казакстандын Финансы министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатканы себеп болууда.

«27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан 9 транспорттук автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок алардын баарынын товарды коштогон документтеринде туура эмес маалымат көрсөтүлгөн. 27-марттан бери 40 жүк ташуучу автоунаа өз ыктыяры менен документтерин тууралап келүү максатында кайра артка кайткан. Ошол эле учурда кыргызстандык товарлардын баары визуалдык текшерүүдөн өтүп, алардан эч кандай эреже бузуу байкалган эмес» деп жазылган Казакстандын Финансы министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган. (KR)

XS
SM
MD
LG