«Мансон Групп» компаниясы Макмал алтын кенин иштетүүгө 75 миллион долларга жакын инвестиция салат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Кыргызалтын» менен «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык келишимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык «Кыргызалтындын» үлүшү 30% түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 70% болот.
Келишим комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыз кылууга шарт түзөт.
32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан тартып ишин токтоткон. Буга жабдуунун эскиргени жана алтын өндүрүүнүн азайганы себеп болгон. (KR)