Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бишкекте «Жибек Жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт


Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи
Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи

Бишкекте 5-апрелден 28-апрелге чейин Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде балдар жана ата-энелер үчүн «Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмө өтөт.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду уюштуруп жаткан иш-чарага Кыргызстан, ошондой эле Жибек Жолунда жайгашкан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышат.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир өлкөгө бир күндөн бөлүнүп берилип, алар өз өлкөсүнүн маданиятын, салт-санаасын көргөзүшөт.

Балдарга узундугу сегиз, туурасы эки метр болгон кийиздин кесиндисинен жасалган географиялык карта тартууланат. (BTo)

XS
SM
MD
LG