Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Хабаровск аймагынын экс-губернатору кармалды


Хабаровск аймагынын экс-губернатору Виктор Ишаев.
Хабаровск аймагынын экс-губернатору Виктор Ишаев.

Орусиянын медиа каражаттары кабарлагандай, 28-марттын таңында Москвада Хабаровск крайынын мурдагы губернатору, «Единая Россия» партиясынын мүчөсү Виктор Ишаев кармалып, үй камагына алынды. Маалыматка караганда 70 жаштагы Ишаевге жана анын мурдагы орун басарларынын бирине токой чарбасындагы коррупцияга байланыштуу айыптар коюлууда.

Хабаровск крайынын губернаторунун басма сөз катчысы Надежда Томченконун айтымында, ушул эле күнү администрациянын имаратында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү тинтүү жүргүзүштү.

Ишаев өлкөнүн чыгышындагы Хабаровск аймагын 1991-2000-жылдары жетектеп турган. 2009-жылы Орусия президентинин Ыраакы Чыгыш федералдык аймагындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 2012-2013-жылдары Ыраакы Чыгышты өнүктүрүү боюнча министр болгон. Ал эми 2013-2018-жылдары Ишаев «Роснефть» мамлекеттик мунай компаниясынын вице-президентинин кызматын аркалаган.

Ишаев Орусияда кылмыш иши козголгон төртүнчү губернатор.

XS
SM
MD
LG