Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Москва соту Орусиянын өкмөт мүчөсү Михаил Абызовду эки айга камакка алды


Михаил Абызов.
Михаил Абызов.

Сот чечимине ылайык, Абызов 25-майга чейин камакта болот. Ал сотто өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок, бирок тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Абызовдун адвокаттары аны 1 млрд. рубль күрөө үчүн үй камагына чыгарууну соттон өтүнүштү. Прокуратура камоону сурады.

Судья Наталья Дудар сот чечимин окуп жатып “сот Абызовду 25-майга чейин камакка алууну чечти” деп билдирди.

Абызовдун камалышын айрым саясатчылар Медведевге жакын адамдарга карата берилген ишарат катары кабыл алышты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Абызов бир катар офшордук компанияларга ээлик кылган, кылмыштуу топту түзгөн жана аны жетектеген. Шериктери менен бирге Сибир энергетика компаниясы менен Аймактык электр ишканасынан 4 миллиард рубль уурдаган. Ал акча Абызовдун офшордук компаниясына, чет өлкөгө толугу менен которулган.

2012-2018-жылдары ачык өкмөт иштери боюнча министр болуп иштеген Михаил Абызов орус премьери Дмитрий Медведевдин өнөктөшү, шакирти катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG