Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

АКШда Казакстандын БТА банкы президент Трамптын мурдагы өнөктөшүн сотко берди


Дональд Трамп, Тевфик Ариф жана Феликс Сэтер. Нью-Йорк, 2007-жыл.
Дональд Трамп, Тевфик Ариф жана Феликс Сэтер. Нью-Йорк, 2007-жыл.

Казакстандын БТА банкынын өкүлдөрү жана Алматы шаарынын жетекчилиги америкалык ишкер Феликс Сэтерди сотко берди. Бул жөнүндө доо арыз дүйшөмбү күнү Нью-Йорк шаарынын Түштүк округундагы федералдык соттун электрондук базасына келип түшкөн.

Доо арызда айтылгандай, президент Трамптын бир кездеги өнөктөшү, теги орусиялык ишкер Сэтер 440 млн. долларды Алматы шаарынын бюджетинен жана БТА банктан чыгарып кеткен. Сэтер бул акчанын ичинен 40 млн. долларды мыйзамсыз менчиктештирип алганы айтылат.

Доогерлердин жоромолу боюнча, Сэтерге банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов жана Алматы шаарынын мурдагы башчыларынын бири Виктор Храпуновдун уулу Ильяс Храпунов жардам берген. Бул экөө мурдараак Казакстанда түрмөгө кесилген.

Доогерлер Сэтер Ильяс Храпунов менен Нью-Йоркто бир нече ирет жолукканын, акчаны Москвада курулуп жаткан "Трамп-тауэр" мунарасынын курулушуна сарптоо тууралуу талкуулашканын белгилешкен. Бирок бул долбоор ишке ашкан эмес.

Мындан тышкары документте “Сэтер Храпунов менен Дональд Трамптын жолугушуусун да уюштурганы” айтылат.

"Вашингтон пост" гезити буга чейин Сэтер 2015-жылы Трамптын администрациясына Москвада "Трамп-тауэр" мунарасын курууну сунуш кылганын, Сэтер Трампты бул үчүн Москвага барууга үндөгөнүн жазып чыккан. Гезиттин маалыматы боюнча, курулушка уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, 2016-жылдын башында долбоор токтотулган.

XS
SM
MD
LG