Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:59

Вашингтондо Нетаньяху Трамп менен жолугат


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Тел-Авив аэропортунда. 22-май, 2017-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Тел-Авив аэропортунда. 22-май, 2017-жыл.

25-мартта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Жолугушууда алар талаштуу Голан дөңсөөлөрүнүн макамын да талкуулашат. Жакында президент Трамп «Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин» жарыялаган.

Нетаньяху «Твиттердеги» баракчасында Трампка ыраазычылыгын билдирген.

«Иран Израилге бүлүк салыш үчүн Сирияны платформа кылууга аракеттенип жаткан кезде президент Трамп Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныды», деп жазды Нетаньяху.

Түркия, Иран жана Сирия америкалык лидердин жогорудагы билдирүүсүн айыптаса, Орусия Трамптын айтканы «жөн эле чакырык» бойдон калат деп ишенип турганын билдирди.

Израил жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган.

1981-жылы Израил аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

Трамптын билдирүүсү Израилде өтчү парламенттик шайлоонун алдында чыкты. 9-апрелге белгиленген шайлоодо Биньямин Нетаньяхунун күчтүү атаандашы - мурдагы аскер жетекчиси, борборчул партиянын лидери Бенни Ганц.

Дүйшөмбүдө Нетаньяху Тел-Авивдин жанындагы ракет чабуулунан кийин Кошмо Штаттардагы сапарын кыскартарын маалымдады. Ал президент Трамп менен жолуккандан кийин дароо мекенине жол тартмакчы.

XS
SM
MD
LG