“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 24-мартта өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+6, күндүз +11…+16,
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +9…+14 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +4…+6, күндүзгү жогорку температурасы +14…+16 градус болот.