Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кытай: заводдогу жарылуудан 47 киши мерт болду


Кытайдын кырсык болгон аймагы. 21-март, 2019-жыл.
Кытайдын кырсык болгон аймагы. 21-март, 2019-жыл.

Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 47 кишиге жетти. 21-мартта болгон кырсыктан 600дөн ашык адам жаракат алган. Жарылуу абдан катуу болгондуктан күчү 2,2 баллга жеткен жер титирөө сымал силкинүү да байкалган.

Кырсык Яньчэн шаарындагы өндүрүш паркында жайгашкан пестицид чыгарган заводдо болгон. Ишканада органикалык заттарды чыгарууда колдонулган тез жанып кетүүчү химиялык заттар сакталгандыктан өрттү өчүрүү дээрлик бир күнгө созулду.

Аймактан төрт миң киши көчүрүлдү, жергиликтүү мектептер жана бала бакчалар жабылды.

Жарылуу эмнеден улам болгону азырынча белгисиз. Бирок кытай ЖМКлары коопсуздук эрежелери сактабалгандыктан ишканага бир канча жолу айыппул салынганын жазып жатышат.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кырсыктын себебин тез арада аныктоону тапшырды.

XS
SM
MD
LG