Бир катар өлкөнүн жетекчилери президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилесе, Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов Нооруздун элдер ортосундагы биримдикти жана достукту чыңдоодо өзгөчө мааниси бар экенин айткан.
Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик элдеринин достук байланыштары жана кызматташтыгы бекемделет деген ишеничин билдирген.
Нооруз түрдүү элдерде Новруз, Нав-враз, Неороз, Наурыз, Навруз, Невруз деп аталат.
Бул майрам 2016-жылы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине кирген.
Ноорузду ЮНЕСКОго Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Иран, Индия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Ирак жана Пакистан сунуштаган. (BTo)