Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Жарандык активист депутаттын үстүнөн прокуратурага арызданды


Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

“Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмесинин өкүлү Гүлайым Айылчы Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын 8-марттагы феминисттердин жүрүшүнөн кийин социалдык тармактарга жазган жорумдарына байланыштуу териштирүү жүргүзүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу Гүлайым Айылчы "Азаттыкка" билдирип, парламент депутатынын жүрүм-турумуна баа берилиши керек деген пикирин айтты:

"Бүгүн (20-мартта. ред) Башкы прокуратурага арыз бердик. Алардын жообун көрөбүз. Андан тышкары депутаттардын этикалык комиссиясына да кайрылабыз деп чечтик. Учурда Башкы прокуратуранын жообун күтөбүз. Эгер көзөмөл органы депутаттын сөзүндө "зомбулукка чакыруу жок" деп чечсе, биз башка жолдорун издейбиз", - деди Гүлайым Айылчы.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын «Фейсбуктагы» баракчасында Бишкекте 8-мартта аялдардын тилектештигине арналган жүрүшкө катышкан жыныстык азчылыктын өкүлдөрүн кескин айыптаган жана коомчулукту катуу чара көрүүгө чакырган жоруму жарандык активисттердин нааразылыгын жараткан. Ошол эле "Фейсбукта" айрым активисттер бул үчүн Мусабекованы "депутаттык мандаттан ажыратууну" талап кылуу демилгесин көтөрүп чыгышкан эле.

ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова феминисттердин өзүнө каршы прокуратурага кайрылуусуна комментарий берүүдөн баш тартты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG