Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Парламент өкмөттүн чек ара боюнча маалыматын 3-апрелде угат


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал жана эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган чечим тууралуу өкмөттүн маалыматын 3-апрелде угат.

Тиешелүү чечим парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында кабыл алынды. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев аткаруу бийлигине "толук даярданып келип маалымат берүүнү" сунуштады. Аны депутаттардын көпчүлүгү колдоду.

Эл өкүлдөрү чек арадагы абал боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке өзү келбегенин сындап, өкмөттү кызматтан кетирүү тууралуу маселени да козгошту. Бул күндөрү өкмөт башчы Абылгазиев Оштогу жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып жүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында 13-14-мартта жаңжал чыгып, тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланган. Кыргыз тараптан беш киши жаракат алды.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн төрт күнгө созулган сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG