Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Медиа: Утрехттеги кол салууга байланыштуу үч киши кармалды


Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март, 2019-жыл.
Утрехт шаарынын кол салуу болгон аймагы, 18-март, 2019-жыл.

Нидерланд бийлиги Утрехт шаарында кол салуудан кийин үч киши кармалганын билдирди. 18-мартта шаардын борборундагы трамвайда ок атылып, андан үч киши каза таап, беш адам жараат алганы маалымдалган.

Полиция кол салууга шектүү 18-мартта камакка алынганын билдирди.

Нидерланддын медиасы кол салууга байланыштуу дагы эки киши кармалганын жазып чыкты. Бирок алардын от атууга тиешеси барбы же жокпу азырынча айтыла элек.

Утрехт шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өлкө бийлиги окуянын "терроризмге байланышы болушу мүмкүн" деген версияны да карап жаткан.

Шаардагы мектептер убактылуу жабылды. Аэропортто жана башка маанилүү мекемелерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Прокурор трамвайда адамдарга туш келди ок аткан киши “үй-бүлөлүк себептен” улам ушундай кадамга барганын айтты. Түркиянын мамлекетти маалымат каражаттары шектүүнүн туугандарына таянып, ал трамвайда тууганын атканын, анан ага жардамдашкан башкаларга да ок чыгарганын кабарлашты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк бийлиги кол салуунун "терроризмге байланышы барбы" же "үй-бүлөлүк чыр" экенин иликтеп жатканын билдирди.

“Биздин атайын кызматтар мунун баарын караштырып жатышат, атайын кызматтын башчысы бардык маалыматты жыйнап, мага келерин айтты, – деди президент Эрдоган. - Айрымдар үй-бүлөлүк чыр десе, башкалар террордук чабуул деп жатышат”.

Түрк медиасы шектүүнүн атасы Мехмет Таништин эгер анын уулу “күнөөлүү болсо жоопко тартылсын” дегенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG