Бишкектеги А. Осмонов атындагы улуттук китепканада «46+1 хромосом. Бийик жана сыймыктуу» деген аталышта Даун синдрому менен жашаган адамдардын эл аралык күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Иш-чара бул синдромду алып жүргөн балдардын ата-энелеринин «Сантерра» коомдук фондунун, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Василик Фыраттын жана түрк сүрөтчүсү Фатих Савруктун демилгеси менен өтүп жатат.
21-март - Даун синдромуна чалдыккан адамдардын эл аралык күнү.
Кадимки адамдын ар бир клеткасында 23 жуптан турган 46 хромосом (адамдын гендик маалыматын алып жүргөн клетканын түзүмү) бар. Ал эми бул синдром менен төрөлгөн балдарда анын саны 47ни түзөт.
Даун синдрому – ата-эненин жүрүм-турумунун жыйынтыгы эмес, аял кош бойлуу кезинде ооругандыгынан же дары-дармек ичкенден пайда болбойт. Адистер мындай синдрому бар бала бардык үй-бүлөдө төрөлүшү мүмкүн экенин айтышат. (ZKo)