Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:08

Өзбек-казак чек ара чечими элди капа кылды


Казакстан менен Өзбекстандын чек арасы.
Казакстан менен Өзбекстандын чек арасы.

Борбор Азия өлкөлөрүндө чек ара маселеси отуз жылдык эгемен убакта так чечилип бүтпөдү. Чечилсе да элди нааразы кылган жагдайлар аликүнчө жөнгө салына элек. Анын бир мисалы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда да бар.

Казакстан менен Өзбекстандын тийиштүү комиссиялары 2016-жылы чек араларды белгилөө (демаркация) тууралуу акыркы документтерге жетишкен.

Андан кийин зым, түркүктөрдү тартуу иштеринин графигин белгилешкен. Бул жагы сыдыргыга салгандай көрүнөт. Бирок мурда чечилген чек ара боюнча жаңы чечимдер боюнча эл арасында нааразылык жок эмес.

Когалыдагы кооптонуу

Жетисай району Казакстандын түштүгүндө жайгашкан. Андагы Когалы айылында 200гө чамалуу түтүн жашайт. Алардын үйү, чарба жерлери Өзбекстанга танапташ жайгашкан.

Бул аймактын чек арасы 10-15 жыл мурда эле такталган. Жергиликтүү тургун, ветеринар Дүйсенбек Калдыбаев ошондо эле коңшуларга 2 миң гектар жерибизди алдырып ийгенбиз, бирок тилди тишке басып отуруп калганбыз деди:

"Эки миң гектардай жерибизди анттик-минттик, тигиге-буга алмаштык деп коюшту. Агезде биз да «балалык» кылдык. Айылдагы адамдар да аңкоолук кылышты. Кийин зым тартылган соң ичибиз ачышып калды да".

Ошентип Когалыга 2007-жылы Өзбекстан, 2010-жылы Казакстан зым тартат. Бирок 2016-жылдан тарта такталган чек ара да казак жакка жылып жатканын айтты Дүйсенбек Калдыбаев:

"Эгин талааларында 15-20 метрден тарта 80 метрге чейин жылды. Ал эми башка жерлерде ичкери карай андан да көп жылып жатат. Айылыбызга абдан керектүү көл бар. Айылыбыздын аты ошол көлдүн атынан коюлган. Көлүбүз да кетип атат"

Когалы көлүнүн бир чети. Жергиликтүү тургун Нуржамал Раматованын сүрөтү
Когалы көлүнүн бир чети. Жергиликтүү тургун Нуржамал Раматованын сүрөтү

Калдыбаев мындай чечим жергиликтүүлөрдүн пикирин укпастан кабылданганын белгилейт. Айылдыктар ошондон бери буга бир канча ирет каршы чыгышкан. Акыркы жолу январда да, февралда да нааразылык жыйындары болгон.

Жетисай районунун акиминин кеңешчиси Айдар Сейдазым чек ара ичкери жылып, Өзбекстанга 40 гектар жер берилип кеткенин ырастады. Анын айтымында, мурда Жетисай шаарынан Шардара шаарына жетиш үчүн Шардара суу сактагычын айланып, жолоочулар 200 чакырым жол жүрчү. Түз жетүү үчүн Өзбекстандан жер сурап, ошонун эсесинен "жол 80 чакырымга кыскарды" дейт акимчилик өкүлү. Ал өзбекстандыктар 15-20 же 80 метр ичкери кирип кетти деген ырастоону четке кагууда:

"Жөнөкөйлөтүп айтканда, «аймактырды алмашуу» десек туура болот. Анткени Шардарыдан Жети-Сайга түз жол салыш үчүн Казакстан Өзбекстандан жер алган. Андан соң Когалыдагы чек ара тилкесинен аларга ошондой эле аянттагы жер берилген".

Сейдазым сүйлөшүүдөн кийин эл өкмөт чечимине муюганын, бирок когалылык төрт-беш киши "жер алуу максатында" маселени кайра-кайра көтөрүп жатканын айтууда.

"Жерибиз үчүн жаныбызды беребиз"

"Ал эми айылдыктар мындай чечимди кабыл албайбыз" деп жатышат дейт өзүн баатыр эне деп тааныштырган Перде Алимова. Ал акимиат өкүлүнүн бир ууч адам гана маселени удургутуп жатат деп айтканына макул эмес. Айтымы, акимчилик өкүлдөрү келген акыркы жыйынга айылдагы эл түп көтөрүлө катышкан:

"Өкмөт бизге 30 сотыхтан жер бере албайт дагы Өзбекстанга эмнеге берет? Чек арачылыр мыйзамга ылайык иш кылып жатабыз дешет. Биз андай мыйзамды билгибиз да, көргүбүз да келбейт. Район жетекчилиги андан жогорку жетекчиликке шылтайт. Эмне үчүн жогорку бийлик карапайым элдин үнүн угуп койбойт? Жаныбызды алсаң ал жерибизди бербейбиз, жерибиз үчүн жан берүүгө даярбыз деп катуу айттык".

Перде Алимова «кокус чатак чыгып кетсе таң калбайбыз» деп кошумчалады.

Ошентип азыр маселеге так чекит коюла элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG