Нидерланддын Утрехт шаарында трамвайда ок атылып, бир киши каза тапканы кабарланды. Полиция бир нече киши жарадар болгонун билдирди. Полиция теракт болушу мүмкүн экенин да четке какпайт.
Нидерланддын полициясы «бүгүн эртең менен Утрехт шаарында трамвайдагы окуяга байланыштуу Түркияда туулган 37 жаштагы Гөкмен Таныш изделип жатканын» жарыялады. Полиция «ага жолобогула» деп эскертти.
Полиция окуя болгон жерге чукул имаратты катуу курчоого алганы кабарланды. Аэропорттордо жана башка стратегиялык жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Күбөлөрдүн айтканына караганда, трамвайда бир нече киши ок чыгарып, бирок издерин жашырып кеткенге үлгүргөн.
Өлкөнүн премьер-министри Марк Рютте өкмөт чукул жыйынга чогулганын билдирди. Иликтөөнүн алкагында «атайын теракт» деген версия да караларын кошумчалады.